Бишкектин Ленин районуна жаңы аким дайындалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Ленин районунун акими болуп Мелис Оскомбаев дайындалды. Бул кызматты буга чейин ээлеп келген Чынасыл Чыныбаев “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамдын 46-беренеси ("Өз каалоосу боюнча кызматын токтотуу") боюнча иштен бошотулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашты.

Чынасыл Чыныбаев Ленин районунун акими болуп 2020-жылдын август айында дайындалган.

29-мартта Чыныбаев Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүмү ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же ысырап кылуу") боюнча сотко чейинки тергөөнүн алкагында кармалганын, бюджеттик каражаттарды үгүт иштери үчүн депутаттыкка талапкерлердин бирине мыйзамсыз бөлүп бергенин жазып чыгышты.

Бул маалыматты расмий булактар тактай элек. (MiK)

Дагы караңыз

Өкмөт кыргыз-өзбек чек арасы боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзөтКыргызстандын бир канча аймагында сел жүрдүФарид Ниязов: Жээнбековду тандап алуу менен эң чоң ката кетирдик Казакстанда бир суткада коронавирустан 22 адам каза таптыБашкы прокуратура Саламаттык сактоо министрлигиндеги коррупцияны аныктадыАэропорттун мурдагы жетекчиси Эмир Чукуевдин тарапташтары аны бошотууну талап кылууда