Кыргызстандын бир канча аймагында сел жүрдү

Cузак району. Төш айылы. 29.09.2021.

26-27-март күндөрү катуу жааган жамгырдын кесепетинен Сузак айылдык аймагынын Төш айылынын тургуну Нурлан Кокуевдин 90 баш коюн сел алып кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, турак жайлар жана адамдар жабыркаган жок.

Ошондой эле Жалал-Абад шаардык оорукананын короосун жана жер төлөөсүн, автобекеттин аймагын, 27 турак үйдүн ичин жана короолорун суу каптаган.

Мындан тышкары Таш-Көмүр шаарында Бишкек-Ош жолунун 431-432-чакырымындагы (Рязан-Сай айылы) кара жолго кум аралаш шагыл түшүп жол убактылуу жабылган. Жеринде тазалоо иштери жүрүп жатат.

Ош жана Баткен облустарында да сел жүрдү. (MiK/TB)

Дагы караңыз

Фарид Ниязов: Жээнбековду тандап алуу менен эң чоң ката кетирдик Казакстанда бир суткада коронавирустан 22 адам каза таптыБашкы прокуратура Саламаттык сактоо министрлигиндеги коррупцияны аныктадыАэропорттун мурдагы жетекчиси Эмир Чукуевдин тарапташтары аны бошотууну талап кылуудаИИМ үгүт ишине байланыштуу 55 маалыматты текшерүүдөЭмир Чукуевдин тарапташтары Ленин райондук сотунун алдына чогулушту