Башкы прокуратура Саламаттык сактоо министрлигиндеги коррупцияны аныктады

Иллюстрациялык сүрөт.

Ислам өнүктүрүү банкынын Кыргызстанга берген насыясынын эсебинен алынган “Тез жардам” автоунааларын сатып алууда Саламаттык сактоо министрлиги мыйзам бузган. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымат таратты.

Ага ылайык, 2020-жылдын 21-сентябрында Саламаттык сактоо министрлиги “Коопсуз шаар” долбоорунан түшкөн пайдага ар бири 2 924 267 сом турган 66 “Тез жардам” автоунаасын сатып алуу чечимин чыгарган. Бирок аталган чечимди кабыл алууда “Коопсуз шаар” долбоору менен келишим түзүлгөн эмес.

Бир айдан кийин аталган министрлик “В” аттуу жоопкерчилиги чектелген коому менен «Газель Соболь 4х4» үлгүдөгү 66 машинени 193 001 222 сомго алуу тууралуу өз ара макулдашуу жүргүзгөн. Бирок ар бир автоунаанын баасы 94 232 сомго наркынан көп көрсөтүлгөн.

Сөз болуп жаткан “Тез жардам” автоунааларын сатып алган учурдагы доллардын сомго карата курсун эске алганда бюджет 18 976 681 сомго зыян тарткан.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 322-беренеси ("Пайдасыз келишимдерди түзүү") менен сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат. (MiK)

Дагы караңыз

ИИМ үгүт ишине байланыштуу 55 маалыматты текшерүүдөЭмир Чукуевдин тарапташтары Ленин райондук сотунун алдына чогулуштуКоронавируска каршы биринчилерден болуп министр Бейшеналиев эмделдиОрусия Кыргызстанга «Спутник V» вакцинасынын 500 миң дозасын жөнөтөтБейшеналиев: вакцинанын жоопкерчилигин өкмөт моюнуна алатCOVID-19: Эки адам каза болду, 71 адам жугуздуКыргыз-казак чек арасындагы «Каркыра» бекети 1-апрелде иштей баштайтУКМК: Пара талап кылган алдамчылар кармалды