ИИМ үгүт ишине байланыштуу 55 маалыматты текшерүүдө

Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 11-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештин шайлоосуна жана референдум боюнча үгүт иштерине байланыштуу 55 маалыматты каттады. Анын он экиси кылмыш иши, он үчү жоруктар.

ИИМдин басма сөз кызматы тараткан расмий кабарга ылайык бул маалыматтар 13-марттан 27-мартка чейинки убакта катталган.

Министрликтик үгүт учурунда жана шайлоонун жүрүшүндө коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо үчүн аймактардагы башкармалыктардын жетекчилери менен онлайн кеңешме өткөргөн.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков таза шайлоону камсыздоо үчүн милиция бардык күч-аракетин жумшаарын билдирген.

“Шайлоо таза өтүшү керек, добуш сатуу же сатып алуу деген болбошу керек. Таза шайлоо - бул Кыргызстандын келечеги. Биз шайлоо жана референдумду өткөрүү учурунда коомдук тартипти жогорку деңгээлде камсыздап, ар кандай тартип бузууларга жол бербешибиз керек. Шайлоого байланыштуу бардык материалдар дыкат иликтенип, мыйзам чегинде гана чечимдер кабыл алынат”, - деди Ниязбеков.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 11-апрелде өтөт. Ал күнү өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат.

Бул өнөктүк менен чогуу Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум да болот. Добушканаларда шайлоо жана референдум үчүн деп эки башка үкөк коюлуп, шайлоочуларга экиден бюллетень берилет.

Референдумду өткөрүү үчүн 2483 шайлоо тилкеси ачылды. Анын 48и чет мамлекеттерде. (MiK)

Дагы караңыз

Коронавируска каршы биринчилерден болуп министр Бейшеналиев эмделдиОрусия Кыргызстанга «Спутник V» вакцинасынын 500 миң дозасын жөнөтөтБейшеналиев: вакцинанын жоопкерчилигин өкмөт моюнуна алатCOVID-19: Эки адам каза болду, 71 адам жугуздуКыргыз-казак чек арасындагы «Каркыра» бекети 1-апрелде иштей баштайтУКМК: Пара талап кылган алдамчылар кармалдыПарламент өкмөттүн үй-бүлөлүк зомбулук боюнча маалыматын угат