Кыргыз-казак чек арасындагы «Каркыра» бекети 1-апрелде иштей баштайт

«Каркыра» көзөмөл өткөрүү жайы. Архивдик сүрөт.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы «Каркыра» көзөмөл-өткөрмө бекети 1-апрелден тартып кайра иштей баштайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына ылайык, Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан «Каркыра» бекетинен адамдар, транспорт каражаттары, жүк, товарлар жана жаныбарлар өткөрүлөт.

Өткөрмө бекети 2020-жылдын 1-декабрында жабылган. «Каркыра» бекети 08:00 баштап 18:00 чейин иштейт. Казакстанга барарда адамдар казак тараптагы эпидемиологиялык абалды жана чет өлкөлүктөргө киргизилген чектөөлөрдү эске алышы керек.

Кыргыз-казак чек арасында «Чалдыбар», «Ак-Тилек», «Кең-Булуң», «Чоң-Капка», «Каркыра» бекеттерин кошкондо жалпысынан 12 өткөрмө бекет бар. Анын ичинен беш автоунаа жана бир темир жол өткөрмө жайы иштейт. (BTo)

Дагы караңыз

Парламент өкмөттүн үй-бүлөлүк зомбулук боюнча маалыматын угат Шайлоо: Ошто мыйзам бузуу жөнүндө 10 маалымат текшерилип жатат COVID-19: Эки адам каза болду, 71 адам жугузду