Бишкекте "Баштан башта" кыймылынын кезектеги жүрүшү өттү

Бишкек. 2021-жылдын 28-марты.

Бишкекте бүгүн, 28-мартта "Баштан башта" кыймылынын кезектеги акциясы өттү. Марштын катышуучулары адаттагыдай эле алгач Эркиндик бульварына чогулуп, Ала-Тоо аянты көздөй жүрүш жасашты. Акцияга 15 чакты адам катышты.

Кыймылдын өкүлү Улан Үсөйүн "Мыйзамдуулукту, адилеттүүлүктү, акыйкаттыкты, коопсуз, өнүккөн өлкөнү талап кылууну уланта беребиз" деп билдирди.

"Баштан башта" кыймылы демилге кылган тынчтык марштары 2020-жылдын ноябрынан бери ар жекшемби сайын уюштурулуп келе жатат. (RK)

Дагы караңыз

Индонезияда чиркөөнүн жанындагы жардыруудан кеминде 10 адам каза болду29-марттын аба ырайыЛифттин шахтасына кулаган кыздын абалы оор деп мүнөздөлдүФарид Ниязовдун адвокаты анын оорусу боюнча Башкы прокурорго кайрылды