Кыргызстанда коронавирустан дарыланып ооруканада жаткан бейтаптардын дээрлик баарынын абалы жакшы эмес. Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 28-марттагы маалыматына караганда, бүгүнкү күндө ооруканаларда 528 бейтап жатат, алардын төртөөнүн гана абалы канааттандырарлык.
Калгандарынын абалын дарыгерлер орточо оордукта, оор жана өтө оор деп үч түрдүү баалап жатышат.
133 бейтаптын абалы оор, алар COVID-19 менен ооруканада жаткандардын 25,1% түзүүдө.
Бейтаптардын 3,5% өтө оор абалда, алардын жалпы саны 19 адам.
Мындан тышкары 372 бейтаптын абалын дарыгерлер орточо оордукта деп мүнөздөп жатышат. Алар ооруканада жаткандардын 70%.
Коронавирус жуккан кыргызстандыктардын жалпы саны 88 миңге жетти, алардын 1495и каза болду. (RK)
Дагы караңыз
“Реформа” жана КЭДП өз алдынча дебатка чыкмай болушту Орусия Бирмадагы хунтаны колдодуЗеленский Конституциялык соттун төрагасын кызматтан алдыТүркия "Стамбул каналы" долбоорун өнүктүрүү планын бекитти