“Коопсуздук-2021” аскердик машыгуусуна даярдык жүрүп жатат

Машыгууга даярдык.

Кыргызстанда “Коопсуздук-2021” жана “Калыптандыруу Түштүк-2021” деген аталыштагы аскердик машыгууларга даярдык жүрүп жатат. Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуулар 1-3-апрель күндөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында өтөт.

Жоокерлер аскердик кошуундардын жана техниканын күжүрмөн абалдагы шартта макулдашылган аракеттерин ишке ашырууну үйрөнүшөт.

Жалпысынан машыгууга 2 миңдей адам, 100гө жакын автомобиль, брондолгон жана атайын техника, 20 чакты артиллериялык система жана 10дой авиациялык техника тартылат. (RK)

Дагы караңыз

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басарлары алмаштыCOVID-19: Вирус дагы 88 адамдан табылды, каза болгондор катталган жокУКМК: 100 миллион сомдук жемкорлук аныкталдыМурдагы депутат Исхак Масалиев УКМКда сурак берди