Ошто көпүрөдөн кулап каза болгон кыздын өлүмү териштирилип жатат. Милиция окуя 25-мартта Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагында болгонун, кыз белгисиз жагдайда бийиктиктен түшүп кетип, ошол жерде каза болгонун билдирди.
Райондук ички иштер башкармалыгы Жазык кодексинин 136-беренеси (“Өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү”) менен иш козгоду.
Маалыматка караганда, каза болгон кыз 2020-жылы Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетин аяктап, Орусияда жашаган ата-энесине кеткен. Ал жактан Ошко эки күн мурда келген. Улуту кыргыз, жарандыгы Орусияныкы болчу. (RK)