Билл Гейтс: Дүйнө кадимки жашоо ыргагына 2022-жылдын аягында кайтышы мүмкүн

Билл Гейтс 

Коронавируска каршы вакцинанын жардамы менен дүйнө кадимки жашоо ыргагына 2022-жылдын аягына кайтышы мүмкүн. Бул тууралуу «Microsoft» компаниясынын негиздөөчүсү, америкалык миллиардер, филантроп Билл Гейтс польшалык маалымат каражаттарындагы маегинде билдирди. Ал коронавирус пандемиясын “укмуштуудай трагедия” деп атап, аны жеңүү үчүн дүйнөдөгү тез жана жапырт эмдөөгө гана үмүт артып жатканын билдирди.

“2022-жылдын аягына барып кадимки жашоо ыргагына кайтышыбыз мүмкүн”,-деди миллиардер.

«Microsoft» компаниясынын жетекчилигинен кеткен Билл Гейтс 2015-жылдан тартып дүйнө жугуштуу вирустардын пандемиясына даяр эмес экенин айтып келген. Ал соңку маегинде эскертүүсүнө тиешелүү көңүл бурулбай калганын, өз убагында даярдык көрүлгөндө кесепетин эртерээк жойгонго мүмкүнчүлүк болгонун билдирди.

Билл менен Мелинда Гейтстердин фонду глобалдык саламаттык сактоодогу тармагында кайрымдуулук менен алектенет. Бул фонд пандемияны жеңүү үчүн вакцинаны жасоо, диагностика үчүн 1,7 миллиард доллар бөлүп берди.