Кыргызстан азык-түлүк базарындагы бааны турукташтыруу максатында Орусиядан кумшекер жана өсүмдүк майын өз баасында сатып алып, апрель айында өлкөгө алып келгени жатат.
Бул тууралуу 25-мартта “Азаттык” радиосуна Айыл, суу чарбасы жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Темиржан Мааткеримов билдирди:
“500 тонна өсүмдүк майы жана 3000 тонна кумшекер жеткирүү боюнча келишимдер түзүлдү”.
Май жана кумшекер Материалдык резервдер боюнча мамлекеттик фонддун кампасына келип түшөт.
Соңку бир жылда Кыргызстанда азык-түлүк эки эседен ашуун кымбаттады.
Премьер-министр Улукбек Марипов 12-мартта КТРКга курган маегинде азык-түлүк баасын арзандатуу үчүн бюджеттен акча бөлүнгөнүн билдирген. Марипов кымбаттоону Кыргызстандын ички базарынын импортко көз карандылыгы менен түшүндүргөн. (RK)
Дагы караңыз
Диагностикалык борбордун кызматкерлери министрликти сотко бериштиОш: “Элдер достугу”эл аралык футбол мелдеши башталдыБаткенде мыйзамсыз күйүүчү май ташыгандар кармалдыКыргызстан коронавируска каршы жапырт эмдөөнү 29-мартта баштамай болдуAstraZeneca вакцинасынын натыйжалуулугу мурдагыдан 3% төмөндөдүОрус бийлиги Навальныйдын абалы тууралуу маалымат бердиТышкы карызды төлөш үчүн элден 13 млн. сом чогулду