Орус бийлиги абактагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын саламаттыгы «канааттандырарлык» экенин жарыялады. Жаза аткаруу федералдык кызматы «Интерфакс» агенттигине Навальный жазасын өтөп жаткан абакта өз каалоосу менен медициналык кароодон өткөнүн билдирген. Анын жыйынтыгында саясатчынын саламаттыгы туруктуу жана канааттандырарлык экенин кошумчалаган.
24-мартта саясатчынын адвокаттары анын саламаттыгы начарлап кеткенин айтып чыгышкан. Алардын маалыматы боюнча, өткөн аптанын соңунан бери оппозиционердин бели катуу ооруп жатат. Адвокаттар колониядагы Навальныйга кире албай жатышканын да билдиришкен.
Жаза аткаруу кызматынын саясатчынын абалы боюнча расмий маалыматы оппозициянын тарапкерлерин ынандырган жок. Алар өлкө боюнча чоң масштабда митинг өткөрүүгө даярданышууда.
Орус бийлигинин башкы сынчысына айланган Алексей Навальный быйыл январда Германиядан келген соң кармалган. Ал февралдын башында 2014-жылдагы иши боюнча 3 жыл 8 айга эркинен ажыратылган.
Кийин Москва шаардык соту ал мөөнөттү бир аз азайтуу менен өкүмдү күчүндө калтырган. Навальный учурда Владимир облусундагы Покров шаарчасындагы түзөтүү колониясында отурат.
Дагы караңыз
Диагностикалык борбордун кызматкерлери министрликти сотко бериштиОш: “Элдер достугу”эл аралык футбол мелдеши башталдыКыргызстан коронавируска каршы жапырт эмдөөнү 29-мартта баштамай болдуБаткенде мыйзамсыз күйүүчү май ташыгандар кармалдыТихановская беларустарды жаңы акцияларды баштоого үндөдү