Лейлек районундагы «Коргончо» чек ара бөлүгүндө күйүүчү майды алып өтүүгө аракет жасаган коңшу республикалардын биринде катталган эки «Хюндай-Старекс» автоунаасы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) кабарлады.
24-марта катталган окуя Кылмыш-жаза кодексинин 39-358-беренесинин 1-бөлүмү менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Сотко чейинки териштирүү башталды.
“Кармалган автоунаалар күйүүчү май ташууга ыңгайлаштырылган контейнерлер менен жабдылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, жүктүн жалпы көлөмү болжол менен 8 тоннаны түзөт”, - деп жазылган УКМКнын маалыматында.
Лейлекте ушундай эле факты март айынын башында да катталган. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, аткезчилик жол менен 40 тоннадан ашуун күйүүчү май чек арадан чыгарылып баратканда кармалган. Автоунаалар коңшу өлкөнүн жаранына таандык болгону жана Кыргызстандын мамлекеттик номурларын мыйзамсыз колдонуп жүргөнү аныкталган.
Өкмөт 2-мартта Кыргызстандан күйүүчү майды ЕАЭБдин алкагынан тышкары сатууга убактылуу чектөө киргизген. (MiK)
Дагы караңыз
Кыргызстан коронавируска каршы жапырт эмдөөнү 29-мартта баштамай болдуТихановская беларустарды жаңы акцияларды баштоого үндөдүОпера жана балет театрындагы чырды иликтеген комиссия ишин аяктадыӨкмөт башчы Марипов иш сапар менен Ташкентке бардыЖапаров аткаминерлердин акчасы боюнча электрондук базаны тез арада түзүүнү талап кылдыТышкы карызды төлөш үчүн элден 13 млн. сом чогулдуКыргызстан менен Өзбекстан электр кубатын алмашууну макулдашты