Кыргызстан менен Өзбекстан электр кубатын алмашууну макулдашты

Кыргызстандагы Токтогул ГЭСи.

Токтогул суу сактагычына сууну топтоо жана Өзбекстандагы айыл чарба керектөөчүлөрүн суу менен камсыздоо максатында эки мамлекет макулдашууга жетти. Бул тууралуу Энергетика жана өнөй жай министрлиги маалымат таратты.

Ага ылайык 2021-2023-жылдардагы айдап-себүү мезгилинде Өзбекстандан 750 млн. кВт саатка чейинки электр кубаты шарттуу баа менен Кыргызстанга жеткирилет. Тактап айтканда, Өзбекстан Кыргызстанга электр энергиясын жеткирүүнү 2021-жылдын март айынан октябрь айына чейин жана 2022-жылдын март-апрель айларында жүзөгө ашырат. Кыргызстан бул көлөмдөгү электр энергияны Өзбекстанга 2021-2023-жылдардын июнь айынан август айларында кайтарып берет.

Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев 24-мартта Жогорку Кеңеште "Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмү кооптуу чекке жетти" деп билдирген. Министр электр кубатын алуу боюнча Казакстан жана Өзбекстан өкмөттөрү менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалаган.

Токтогул гидроэлектр станциясын (ГЭС) камсыздоочу суу сактагычтагы суунун көлөмү 2021-жылдын 25-мартына карата 8 млрд. 788 млн. куб метрди түзүп турат.

Токтогул ГЭСи Кыргызстанда электр кубатынын 33% өндүрөт. Суу сактагычка 19 млрд. куб метр суу батат. (MiK)

Дагы караңыз

Өкмөт башчы Марипов иш сапар менен Ташкентке барды26-марттын аба ырайыТышкы карызды төлөш үчүн элден 13 млн. сом чогулдуЖапаров аткаминерлердин акчасы боюнча электрондук базаны тез арада түзүүнү талап кылдыКыргызстан коронавируска каршы жапырт эмдөөнү 29-мартта баштамай болдуМарипов: түндүк-түштүк жолундагы иштин 9% гана аткарылганӨкмөт үйүнүн алдында "ТЭЦ-2" конушунун тургундарынын митинги өтүп жатат