26-марттын аба ырайы

Ош. Иллюстрациялык сүрөт.

26-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолорунда кар жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 13…18;

Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 13…18;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 7…12, күндүз 14…19;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 11…16;

Нарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -10…-15, күндүз 1…6 градус болот.

Бишкекте жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11, күндүз 14…16 градус.

Дагы караңыз

Тышкы карызды төлөш үчүн элден 13 млн. сом чогулдуЖапаров аткаминерлердин акчасы боюнча электрондук базаны тез арада түзүүнү талап кылдыӨкмөт башчы Марипов иш сапар менен Ташкентке бардыКыргызстан коронавируска каршы жапырт эмдөөнү 29-мартта баштамай болду