Өкмөт башчы Марипов иш сапар менен Ташкентке барды

Улукбек Марипов жана Абдулла Арипов. Ташкент. 2021-жылдын 25-марты.

Премьер-министр Улукбек Марипов бүгүн - 25-мартта иш сапары менен Өзбекстандын борбору Ташкент шаарына барды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, ал Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугуп, өкмөт аралык комиссиянын тогузунчу отурумуна катышат. Мындан тышкары Марипов Ташкенттеги айрым ишканаларды кыдырат.

Кыргыз делегациясынын курамына бир катар мекемелердин жетекчилери кирди.

Бул күндөрү Ташкентте Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүсү да өтүүдө. Ага Кыргызстандан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев жана башка жооптуу кызматкерлер катышууда.

Өзбекстан менен 2017-жылдагы макулдашуунун негизинде ортодогу чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85%), ал эми андан кийин дагы 10% жакыны такталган. (RK)

Дагы караңыз

Кыргызстан коронавируска каршы жапырт эмдөөнү 29-мартта баштамай болдуМарипов: түндүк-түштүк жолундагы иштин 9% гана аткарылганӨкмөт үйүнүн алдында "ТЭЦ-2" конушунун тургундарынын митинги өтүп жататБишкек мэриясынын алдында мыйзамсыз курулуштарга каршы пикет өттүТышкы карызды төлөш үчүн элден 13 млн. сом чогулдуЖапаров аткаминерлердин акчасы боюнча электрондук базаны тез арада түзүүнү талап кылды26-марттын аба ырайыТурдубаев: Өкмөт бензиндин баасын ооздуктоо аракетин көрүүдө