Турдубаев: Өкмөт бензиндин баасын ооздуктоо аракетин көрүүдө

Иллюстрациялык сүрөт.

Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев 24-мартта Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып күйүүчү майдын баасын ооздуктоо үчүн өкмөт аткарып жаткан иштер тууралуу айтып берди. Министр бул жаатта чет мамлекеттерден чийки зат алып келүү аракети болуп жатканын билдирди.

“Кыргызстандын күйүүчү майга болгон 1 жылдык керектөөсү 1,3 млн. тоннага жетет. Учурда Казакстандан жана Өзбекстандан чийки зат алып келип, Кыргызстандан кайра иштетүү үчүн аракеттер болуп жатат. Биз бул боюнча коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз”, - деди министр.

Өлкөдө 2021-жылдын январь айынан тартып бензин менен дизелдик күйүүчү майдын баасы кымбаттай баштаган. Баа мартта дагы 5-8 сомго чейин өсөт деген божомол бар.

Азыр Бишкектеги бензин сатуучу жайларда АИ-95 бензини 48 сом 50 тыйын, АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 45 сом 30 тыйын, дизелдин бир литри 42 сом 90 тыйындан сатылып жатат.

Кыргызстандын ички рыногуна керектелчү күйүүчү май Орусиядан жана Казакстандан ташылып келет. Орусия Кыргызстанга мунайзатты бажы алымдарын төлөбөстөн экспорттоого уруксат берген. (MiK)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бензин менен дизелдин кымбатташынын беш себеби

Дагы караңыз

COVID-19: Бир күндө эки адам каза болду, 106 бейтап жаңы катталдыМилициянын кыйноосуна кабылган адам кенемтени көбөйтүүнү талап кылуудаКыргызстандын футболчулары Непалдын командасы  менен беттешетДепутат уурулуктун тыйылбай жатышын сындадыБишкек мэриясынын алдында мыйзамсыз курулуштарга каршы пикет өттүӨкмөт үйүнүн алдында "ТЭЦ-2" конушунун тургундарынын митинги өтүп жатат