Кыргызстандын футболчулары Непалдын командасы  менен беттешет

Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курама командасынын оюнчулары машыгуу учурунда. Катманду шаарынын "Дасаратх Рангасала" стадиону. 23-март, 2021-жыл.

Бүгүн, 25-мартта Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курама командасынын оюнчулары (U-23) "Үч улуттун кубогу" мелдешинин алкагында Непал курама командасы менен беттешет. Оюн Катманду шаарынын "Дасаратх Рангасала" стадионунда, Бишкек убактысы боюнча саат 17:45те башталат.

Мелдеш 21-мартта башталган. Ага Бангладеш жана Непал өлкөлөрүнүн футбол боюнча улуттук курама командалары жана Кыргызстандын олимпиадалык курама командасы катышып жатат.

23-мартта Кыргызстандын курама командасы Бангладештин улуттук курамасы менен беттешип, 1:0 эсебинде утулду.

Өлкөнүн жаштар курамасынын оюнчулары (U-23) Непалда өтүп жаткан "Үч улуттун кубогу" мелдешине катышуу үчүн 21-мартта Катманду шаарына учуп кетишкен.

Бул курама топто 23 жашка чыга элек футболчулар ойнойт. Алардын тизмесин бул жактан көрүңүз. (GT)

Дагы караңыз

ФИФАнын мурдагы президенти Йозеф Блаттер алты жыл футболго аралашпайтКыргызстандын футбол чемпионаты башталдыГүлжигит Алыкулов Азия чөлкөмүндө аптанын мыкты футболчусу болдуФутболчу кыз: Баалуулуктан баатырлыкка карай жолТекбол Кыргызстанга келди