Эл аралык футбол федерациясы - ФИФАнын мурдагы президенти Йозеф Блаттер алдыдагы алты жылда футболго аралашпайт. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайты кабарлады.
Блаттер бул ирет федерациянын эсебинен спорттук аткаминерлерге каражаттарды мыйзамсыз төлөп берген деп табылды. ФИФАнын эсебинен мыйзамсыз акча алгандардын арасында федерациянын мурдагы баш катчысы Жером Вальке да бар. Ага да алты жыл футболго аралашууга тыюу салынган.
85 жаштагы Йозеф Блаттер ФИФАны 1998-жылдан 2015-жылга чейин жетектеген. Ал коррупциялык ири жаңжалга байланыштуу кызматтан кеткен. Эл аралык футбол федерациясынын этика боюнча комитети аны сегиз жылга футболдон четтеткен.
Мөөнөт 2021-жылдын аягында бүтөт, андан кийин жаңы жаза күчүнө кирет.
Дагы караңыз
Бишкек – Минск түз аба каттамын ачуу маселеси талкууландыТаласта коронавирустун жасалма анализин сатып жүргөндөр кармалдыИш жабылды. Бабанов 100 млн. сом жардам беретӨлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделдиАлга Кылычевдин айткандары текшериле баштады