Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрмек Ибраимов ал өлкөнүн Транспорт жана коммуникация министрлигинин Авиация департаментинин директору Артем Сикорский менен жолугушту.
Тараптар эки мамлекет ортосунда түз аба каттамдарын ачуу жана кызматташтыкты талкуулашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, элчи Ибраимов «Avia Traffic Company» компаниясы тарабынан Бишкек – Минск – Бишкек жана Ош – Минск – Ош маршруту боюнча үзгүлтүксүз эл аралык аба ташууларды ишке ашыруу боюнча тиешелүү документтерди беларус тарапка тапшырды. Беларус өкүлү бул сунушту кубаттаганы белгилүү болду. (TSh)
Дагы караңыз
Блогер Сыдыманов соттон акталдыПрезиденттик аппарат Жапыкеевдин атайын наамы тууралуу маалымат бердиМуфтиятты ажылыктын акча маселесине аралаштырбоо сунушталдыТоктогул ГЭСиндеги суунун көлөмү кооптуу чекке жетти