Ташкент шаарында чек ара боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат

Өзбекстанга барган Кыргызстандын делегациясы. (Ортодо УКМКнын төрөгасы Камчыбек Ташиев).

Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүсү башталды. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн сайтына жарыяланды.

Ташкентке Кыргыз делегациясын жетектеп барган Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов төрөгалык кылган кеңешменин жүрүшүндө чек аранын калган тилкелерин делимитациялоо маселеси талкууланат.

Кыргызстан менен Өзбекстан ортодогу мамлекеттик чек ара маселесин жакын арада, эң кеч дегенде 3 айда чечмей болуп жатышканын 12-мартта президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга мамлекеттик сапары учурунда айтылган.

Өзбекстан менен 2017-жылдагы макулдашуунун негизинде ортодогу чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85%), ал эми андан бери дагы 10% жакыны такталган.

Кыргызстан 4 мамлекет менен чектешет. Казакстан жана Кытай менен чек ара тилкелери такталып бүткөн.

Тажикстан менен сүйлөшүүлөр 2002-жылы башталган, азыр ортодогу чек аранын 60 пайызга жакыны такталган.

Чек аранын тактала элек тилкелерде жергиликтүү тургундардын суу жана жер талаш маселелери чыгып, курал колдонулган учурлар да катталып келет. (MiK)

Дагы караңыз

Тайлаков: март айында бензиндин баасы кескин көтөрүлбөйтЖАМК Алга Кылычевдин билдирүүсүнө жооп кайтардыБишкекте "Саясий куугунтуктоолор, саясий абал" талкуусу өтүп жататЖаңы Конституцияны колдогон 12, ага каршы үч үгүт тобу түзүлдү Жапаров: 24-марттагы окуяга адилетсиз бийлик жана мыйзамсыздык себеп болгонЭмдөө: Кыргызстан AstraZeneca боюнча корутундуну күтүүдөОоганстан: Президент Гани жаңы тынчтык планын сунуш кылатБир нече күн эл алдына чыкпаган Рахмон Хатлон облусуна иш сапары менен бардыМуфтиятты ажылыктын акча маселесине аралаштырбоо сунушталды