25-марттын аба ырайы

Иллюстрациялык сүрөт.

25-мартта Кыргызстанда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, Чүй облусунун тоолуу аймактарында кар жаайт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 21…26;

Талас жергесинде түнкүсүн 2...7, күндүз 20…25;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 3…8, күндүз 21…26;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 10…15;

Нарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 10…15;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -14…-19, күндүз -2…+3 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 24…26 градус.

Дагы караңыз

Арменияда аскердик режим алындыБишкекте "Саясий куугунтуктоолор, саясий абал" талкуусу өтүп жататЖаңы Конституцияны колдогон 12, ага каршы үч үгүт тобу түзүлдү Европарламенттин депутаты Күчүк: ШУАРдагы илимпозду колдогондугум үчүн Кытай мага чектөө киргизди