Конституциянын жаңы долбоорун колдоого үндөгөн жана ага каршы үндөй турган үгүт топтору Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) расмий каттоого алынып, алардын мамлекеттик телеканалдар аркылуу эфирге чыгуу убактысы аныкталды. Бул тууралуу 24-мартта "Азаттык" радиосуна Боршайкомдун маалымат катчысы Руслан Изреков билдирди.
Анын айтымында, Баш мыйзамдын референдумга коюлуучу долбоорун колдогон 12, ал эми ага каршы үгүттөй турган үч топ болду:
"Эртең, 25-марттан тартып алар "КТРК" жана "ЭлТР" телеканалдары аркылуу алгач өз-өзүнчө, ал эми референдумга жакындаганда дебат түрүндө үгүт жүргүзүшөт"
11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен катар Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум өтөт. Жаңы Баш мыйзамдын максаты - өлкөдө президенттик башкарууну орнотуу экени айтылып жатат. (RK)
Дагы караңыз
Европарламенттин депутаты Күчүк: ШУАРдагы илимпозду колдогондугум үчүн Кытай мага чектөө киргиздиЖапаров: 24-марттагы окуяга адилетсиз бийлик жана мыйзамсыздык себеп болгонЭмдөө: Кыргызстан AstraZeneca боюнча корутундуну күтүүдө"Атайын байланыш" кызматындагы жапырт иштен алуу боюнча сот уланууда