Орусиялык саясатчы Алексей Навальныйдын командасы аны бошотуу талабы менен жазында бир катар митингдерди, нааразычылык акцияларын өткөрөрүн жарыялады.
Саясатчынын тарапташтары акция өтө турган датаны жана жерди ага катышууга 500 миң киши даяр экенин билдиргенден кийин айтууну пландашууда.
Митингге катталуу үчүн өзүнчө сайт ишке кирип, бирок, акция жөнүндө маалымат жарыялангандан кийин ачылбай калды. Навальныйдын тарапташтары Орусия тарыхындагы эң ири акцияга чыгууну пландоодо. Билдирүүдө митинг – саясатчыны бошотуу боюнча пландын бир бөлүгү гана экени белгиленген.
Кремлдин башкы сынчысы, 44 жаштагы Алексей Навальный былтыр августта Томск шаарында тымызын ууландырылган. Комага түшкөн Навальныйды атайын учак менен Омск шаарынан Берлинге жеткиришип, анын өмүрүн сактап калышкан.
«Новичок» уулуу заты менен оппозициячыл саясатчыны ууландыруу аракетин орус коопсуздук кызматкерлери жүзөгө ашыргандыгы ачыкка чыкканына карабастан, Кремль бул фактыны четке кагып келет.
Ал быйыл январда Германиядан келгенден кийин кармалып, 2014-жылкы иши боюнча 3 жыл 8 айга эркинен ажыратылды. Кийин Москва шаардык соту мөөнөттү бир аз азайтуу менен чечимди күчүндө калтырган. Навальный учурда Владимир облусундагы Покров шаарчасындагы түзөтүү колониясында жазасын өтөп жатат.
Дагы караңыз
Шыкмаматов: Венеция комиссиясы менен диалог курушубуз керек (видео) Аксы: Электр кубаты жетелек айылдар туристтик аймакка айланышы мүмкүнКара-Суу районунун акимдик кызматына 74 талапкер ат салышатАйбек Бузурманкулов: Жерүй кени боюнча мамлекеттик комиссия түзүлүшү керекЖаныбарларды коргоочу мыйзам долбоору мал союу боюнча талашты кызыттыБритания куралдуу күчтөр боюнча стратегиясын өзгөртөтШыкмаматов: «Камбар-Ата-1» ГЭСин Кыргызстан өзү кура албайт, Өзбекстан капитал салууга гана даярОшто дагы бир кишини атып кетишкени кабарландыКаниметов: Сания Токтогазиеванын үстүнөн арыз түшкөнКосоводо жаңы өкмөт куралдыЕБ жана АКШ Бирмадагы аскердик хунтанын жетекчилерине санкция салды