Бишкекте коронавируска байланыштуу санитардык көзөмөл күчөтүлдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте коронавируска байланыштуу санитардык көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу 23-мартта мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, борбор калаада эпидемиологиялык кырдаал көзөмөлдө, бирок, ошондой болсо да атайын мобилдик бригадалар мекеме-ишканаларды эми көбүрөөк текшере башташат.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү - 23-марттагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул вирус 75 адамдан аныкталды, каза болгондор катталган жок. Оору жаңы аныкталгандардын эң көбү Бишкек шаарында - 56 адам.

Өлкөдө оору жуккандардын жалпы саны 87 миңге жетти, каза болгондор - 1490 адам. Ооруну жугузуп алгандардын 43 миңге жакыны Бишкектин тургундары. (RK)

Дагы караңыз

Шыкмаматов: Ишкерликти "муунткан" беренелер жоюлуудаКосоводо жаңы өкмөт куралдыЕБ жана АКШ Бирмадагы аскердик хунтанын жетекчилерине санкция салдыCOVID-19: Өкмөт элди этият болууга чакырдыЖогорку сот Салянованын «лицензия» иши боюнча өкүмдү жокко чыгардыШыкмаматов: Жерүй боюнча азыркыдай келишим түзбөйт элем, бирок ишти улантуу зарылЖерүйдө тамакка ууланды делген жумушчулардын анализдери чыктыКаниметов: Сания Токтогазиеванын үстүнөн арыз түшкөнАбхазиядан ташылган машинелердин ээлери митинг өткөрүштүКыргызстан коронавируска каршы эмдөөнү ушул аптада баштаганы жатат