Белдемчини даңазалагысы келген Асел

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Тоңдук келин Асел Кайнарбек кызы келиндерге арналган белдемчини илгерки ыкма менен тигип, саймасын колго түшүрөт. Ал түрктөрдүн, кытайлардын кийимдеринен көрө кыргыздын улуттук кийимдерин даңазалап, "күнүмдүк кийим катары кийсек да болот деген сунушун айтат. Азыр ал тиккен белдемчилер кудага кийит катары тартууланып жаткан чак. Бир белдемчини бүтүрүүгө Асел бир айга чейин убакыт коротот. Бул үчүн жаш кол өнөрчү Кыргызстанды түрө кыдырып, сайма саюунун сырларын үйрөнүп келген.