24-мартта түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолорунда кар жаайт, Ысык-Көл облусунда жаан-чачын жаабат. Күндүз жаан-чачын жаабайт. Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 13…18;
Талас жергесинде түнкүсүн 0...5, күндүз 12…17;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 7…12;
Нарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -14…-19, күндүз -2…+3 градус болот.
Бишкекте түнкүсүн жана эртең менен жаан жаашы ыктымал, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5, күндүз 15…17 градус.
Дагы караңыз
Шыкмаматов: Жерүй боюнча азыркыдай келишим түзбөйт элем, бирок ишти улантуу зарылТендерге нааразы болгондор митингге чыгыштыКыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы өтүп жататШыкмаматов: «Камбар-Ата-1» ГЭСин Кыргызстан өзү кура албайт, Өзбекстан капитал салууга гана даяр