Путин коронавируска каршы эмделет

Владимир Путин

Орусиянын президенти Владимир Путин 23-мартта коронавируска каршы эмделет. Бул тууралуу орус президенти өлкөдөгү вакцинацияга байланыштуу жыйындын жүрүшүндө билдирди.

Путин кайсы вакцина менен эмделери жөнүндө так айтыла элек. Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков президенттин Орусияда жасалган үч вакцинанын бири менен эмделерин билдирди.

Орусияда Гамалеи атындагы илимий борбор иштеп чыккан “Sputnik V”, Новосибирсктеги “Вектор” илимий борбору жасаган "ЭпиВакКорона" жана Чумаков атындагы борбор даярдаган “КовиВак” вакциналары каттоодон өткөн.

Учурда Орусиянын бийлиги алга сүрөп жаткан "Sputnik V” вакцинасын Европадагы дары-дармек агенттиги каттоо үчүн экспертиза дайындаган. Бирок, бүгүн таратылган маалыматтарга ылайык Евбробиримдик "Sputnik V” вакцинасына муктаж эмес, деп айтылды.

Дагы караңыз

Европада коронавируска байланыштуу жаңы чектөөлөр киргизилүүдөЕвробиримдик «Sputnik V» вакцинасына муктаж эмесКоронавирус 73 кишиден аныкталды, анын көбү БишкектеСирияда госпиталды аткылоодон алты киши набыт болдуОрусиянын АКШдагы элчиси "киши өлтүргүч" сөзүнүн жаңжалынан кийин Москвага кайтып келди21-март - поэзиянын дүйнөлүк күнү. Алыкул Осмонов дагы 21-мартта туулганЕвробиримдик конституциялык реформага кабатырлыгын билдирди Австралияны суу каптадыАКШ коргоо министри Остин Кабулга бардыМосква аскер соту Навальныйдын жактоочуларынын арызын четке кактыОрусия: Пенза облусунун губернатору Белозарцев пара алууга шектелип кармалды