Европада коронавируска байланыштуу жаңы чектөөлөр киргизилүүдө

Cербиянын борбору Белграддагы чектөөлөргө каршы акция. 2021-жылдын 21-марты.

Европадагы бир катар мамлекеттер коронавирустун үчүнчү толкунуна байланыштуу чектөөлөрдү улантып жатат.

Германиянын бийлиги буга чейин чектөөнү узартуу боюнча 22-мартта жыйынга чогулуп жатат. Канцлер Ангела Меркелдин өкмөтү өлкө боюнча карантиндик чараларды 18-апрелге чейин узартууну көздөп жатканын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.

Өткөн апта соңунда Польша, Франциянын айрым аймактары, Украинанын борбору Киевде вирусту жугузгандар көбөйүп жаткандыктан чектөөлөр киргизди. Бирок, узакка созулган чектөөлөр Европанын бир катар өлкөлөрүндө нааразылык жаратты. Дем алыш күндөрү Германия, Нидерланддар, Швейцария жана Сербияда миңдеген адамдар чектөөлөргө каршы акцияга чыкты.

Румынияда пандемия башталгандан бери 21-мартта ооруканалардагы реанимациялык бөлүмдөргө эң көп сандагы бейтаптар жаткырылды. Саламаттык сактоо министрлигинин сунушуна карабай Румыниянын премьер-министри Флорин Кыцу карантиндик чаралар киргизилбей турганын билдирди.

Ал эми Британия менен Евробиримдик коронавируска каршы вакцинаны алуу үчүн атаандаштыкты улантууда.

Дагы караңыз

Москва аскер соту Навальныйдын жактоочуларынын арызын четке кактыОрусия: Пенза облусунун губернатору Белозарцев пара алууга шектелип кармалдыБажы кызматы: Абхазиядан келген унааларды албагылаКытайда кармалган Канаданын жаранынын үстүнөн сот башталдыАКШ коргоо министри Остин Кабулга барды«Жерүйдө» 18 адамдын тамакка ууланганы тактала баштадыЕвробиримдик «Sputnik V» вакцинасына муктаж эмесБШК референдумга дагы эки үгүт тобун каттадыКоронавирус 73 кишиден аныкталды, анын көбү БишкектеДепутат Кумтөрдөгү калдык сактоочу жайдагы 106 тонна алтынды иштетүүнү сунуштадыБайсалов: Күрөновдун маселеси сөз эркиндиги эмесКөк бөрү: Нооруздун баш байгесин "Ынтымак" кайрадан жеңди (видео)