Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8 млрд. 800 млн. куб метрге түштү

Токтогул суу сактагычы. (Сүрөт архивден).

Токтогул гидроэлектр станциясын (ГЭС) камсыздоочу суу сактагычтагы суунун көлөмү 2021-жылдын 22-мартына карата 8 млрд. 826 млн. куб метрди түздү.

«Электр станциялары» ишканасынын расмий сайтындагы маалыматка ылайык Токтогул суу сактагычына секундасына 100 куб метр суу агып кирип, 401 куб метр суу агып чыгууда.

Расмий маалыматтарда айтылгандай, 2017-2018-жылдары «Токтогул» ГЭСиндеги суунун көлөмү күз-кыш мезгилине 19,2-19,6 млрд. куб метр менен кирген. 2019-жылы жайда 16 млрд. куб метр суу болсо, күзгө чейин ал 17 млрд. куб метрге жеткен.

2007-2008-жылдары «Токтогулдагы» суу 7-8 млрд. куб метрге чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген. Суу 6 млрд. куб метрге түшсө, ГЭС авариялык абалга кабыла турганын энергетиктер эскертишет.

Токтогул ГЭСи Кыргызстанда электр жарыгынын 33% өндүрөт. Суу сактагычка 19 млрд. куб метр суу батат. (BTo)

Дагы караңыз

Сирияда госпиталды аткылоодон алты киши набыт болдуДепутат Кумтөрдөгү калдык сактоочу жайдагы 106 тонна алтынды иштетүүнү сунуштадыМинистр Ажыкеев курулуш компанияларын сындадыБайсалов: Күрөновдун маселеси сөз эркиндиги эмесАКШ коргоо министри Остин Кабулга бардыБажы кызматы: Абхазиядан келген унааларды албагылаКөк бөрү: Нооруздун баш байгесин "Ынтымак" кайрадан жеңди (видео)Токиодо өтүүчү Олимпиада оюндарына чет элдик көрүүчүлөр киргизилбейтБишкекте мыйзамдуулук үчүн салттуу жүрүш уланды Орусиянын АКШдагы элчиси "киши өлтүргүч" сөзүнүн жаңжалынан кийин Москвага кайтып келди