Сирияда госпиталды аткылоодон алты киши набыт болду

Сирия.

Сириянын батышындагы Алеппо провинциясындагы Эль-Атариб шаарындагы госпиталды артиллериялык аткылоодон жай тургундар курман болду. Каза болгон алты кишинин арасында балдар дагы бар.

Бул тууралуу Эл аралык куткаруу комитетинин билдирүүсүндө айтылат. Жаракат алган 16 кишинин бешөө медицина кызматкери болгон.

Госпиталга жасалган чабуул 2020-жылдын мартында жарыяланган Орусия менен Түркиянын убактылуу тынчтык келишимин бузду. Түркиянын коргоо министри жана аскер байкоочулары жекшемби эртең менен Сирия өкмөттүк артиллериясы госпиталдын башкы кире беришине сокку урганын кабарлаган.

17 айдан бери алгачкы жолу 20-мартта Түркия Сириянын түндүгүндөгү “Сирия демократиялык күчтөрү” ээлик кылган күрд аймагына сокку урган. Бул тууралуу «Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы” маалымдады.

Акыркы жолу 2019-жылы октябрь айында Анкара Элдик коргонуу кошуунуна каршы “Тынчтык булагы” операциясын баштаганда Сирияда ушул сыяктуу куралдуу чабуул болгон. Анкара Сирия демократиялык күчтөрүнүн негизги канаты болгон Элдик коргонуу кошуунун (YPG) өлкө ичиндеги күрд жикчилдери, анын ичинде Күрд жумушчу партиясы менен байланышы бар террористтик уюм деп эсептейт. Кошуун болсо дооматтарды четке кагып келет.

«Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясынын” маалыматында 2011-жылы башталган Сириядагы жарандык чыр-чатактын курмандыктары 388 миңден ашык адамга жетти. Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде согуш аймактарынан үй жайын таштап качкан сириялыктардын саны 5,6 млн. адам.

Дагы караңыз

Депутат Кумтөрдөгү калдык сактоочу жайдагы 106 тонна алтынды иштетүүнү сунуштадыМинистр Ажыкеев курулуш компанияларын сындадыБайсалов: Күрөновдун маселеси сөз эркиндиги эмесАКШ коргоо министри Остин Кабулга бардыБажы кызматы: Абхазиядан келген унааларды албагылаКөк бөрү: Нооруздун баш байгесин "Ынтымак" кайрадан жеңди (видео)Токиодо өтүүчү Олимпиада оюндарына чет элдик көрүүчүлөр киргизилбейтБишкекте мыйзамдуулук үчүн салттуу жүрүш уланды Орусиянын АКШдагы элчиси "киши өлтүргүч" сөзүнүн жаңжалынан кийин Москвага кайтып келди21-март - поэзиянын дүйнөлүк күнү. Алыкул Осмонов дагы 21-мартта туулган