Ош шаарында көктөм майрамы өтүп жатат. Шаар мэриясынын алдындагы борбордук аянтка жүздөгөн шаардыктар топтолушту. Аларга концерттик программалар тартууланууда. Мындан сырткары аш фестивалы, көркөм кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси өтүп жатат.
Шаардыктарды Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов жана Ош облустук администрациясынын башчысынын орун басары Бактыбек Алайчиев куттукташты.
Бир күн мурун шаардын бир нече жеринде сүмөлөк кайнатылып, майрамдык иш-чаралар өткөрүлгөн.
2020-жылы Нооруз майрамы коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам Кыргызстандын бардык аймактарында майрамдалган эмес.
Быйыл Бишкек шаарында коронавируска байланыштуу Нооруз кеңири майрамдалган жок.(DU)
Дагы караңыз
Ноорузга карата куттуктоолор келүүдөCOVID-19: 55 адам айыгып, 68 адам ооруга чалдыктыБүгүн – Нооруз майрамы Кыргызстанда Нооруз майрамы белгиленип жататЧолпон-Атада көкбөрү мелдеши өтүп жатат (видео)Түркия аялдарды зордук-зомбулуктан коргоо жөнүндөгү тарыхый келишимден баш тарттыЧек ара кызматы: Кыргыз-тажик чегиндеги Сай тилкесинде абал туруктууКөр жеме күйөө өчүргөн сүйүү Бишкек милициясы “Таксим” кафеси боюнча түшүндүрмө берди