Ноорузга карата куттуктоолор келүүдө

Нооруз майрамы. (Фото архивден)

Сауд Арабиянын Королу Салман бин Абдулазиз Аль Сауд өзүнүн мураскери, ханзаада Мухаммад бин Салман менен чогуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кат жолдоп, жалпы элди Нооруз майрамы менен куттуктады.

Кыргызстандын мамлекет башчысын жана кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен Казакстандын туңгуч президенти, Эл башы Нурсултан Назарбаев, президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердимухамедов, Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон, Ирандын мамлекет башчысы Хасан Роухани куттукташты.

Куттуктоо ээлери президент Садыр Жапаровдун ишине ийгилик, жалпы кыргызстандыктарга бакубат жашоо каалашкан.(ZKo)

Дагы караңыз

Кыргызстанда Нооруз майрамы белгиленип жататБүгүн – Нооруз майрамы Чолпон-Атада көкбөрү мелдеши өтүп жатат (видео)Түркия аялдарды зордук-зомбулуктан коргоо жөнүндөгү тарыхый келишимден баш тарттыЧек ара кызматы: Кыргыз-тажик чегиндеги Сай тилкесинде абал туруктууКөр жеме күйөө өчүргөн сүйүү Бишкек милициясы “Таксим” кафеси боюнча түшүндүрмө берди