19-мартка карата Борбордук шайлоо комиссиясы референдумга 13 үгүт тобун каттады. Анын ичинен 10 топ референдумда "макул" деп добуш берүүгө үч топ "каршы" деп добуш берүүгө үгүт жүргүзөт.
Ар бир үгүт тобунда 10-15тен мүчө бар.
Кыргызстанда Конституциянын долбоору боюнча референдум 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо менен бирге өтөт. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров 12-мартта кол койгон.
11-мартта Жогорку Кеңеш аталган мыйзам долбоорду кабыл алган. Ага жыйынга катышкан 100 депутаттын 94ү макул деп, алтоо каршы добуш беришти.
Кыргызстанда быйыл 10-январда референдум өтүп, президенттик башкаруу формасы тандалып алынган. Мына ушул президенттик башкарууга ыктаган Баш мыйзамдын долбоорун даярдоо 10-январга чейин эле башталып, атайын Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Эми дал ушул кеңешме иштеп чыккан Баш мыйзамдын долбоору боюнча өлкө жарандары 11-апрелдеги референдумда өз добушун бериши керек.
Айрым депутаттар жана жарандык коомдун өкүлдөрү Конституциянын жаңы долбоору эреже бузуу менен кабыл алынып жатканына байланыштуу тынчсыздануусун билдирип келет.
Президент Садыр Жапаров 15-мартта «Азаттык» радиосуна берген эксклюзивдүү интервьюсунда Баш мыйзам боюнча жоопкерчилик Конституциялык кеңешмеде болорун билдирген. (ZKo)
Дагы караңыз
АКШ менен Индиянын коргоо мекемелеринин башчылары өз ара кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу талкуулаштыCOVID-19: Акыркы суткада 46 адам сакайды Новиков эпидемиологиялык кырдаалдын курчушуна даярдык көрүүнү тапшырдыБишкек милициясы “Таксим” кафеси боюнча түшүндүрмө бердиСудья Камил Осмоналиев абактан бошотулду Сымап комбинатына таандык жер мамлекетке кайтарылдыЕвробиримдик конституциялык реформага кабатырлыгын билдирди Чекит коюлбаган чек ара чыры АКШда кибералдамчылык үчүн орусиялык 10 жылга эркинен ажыратылдыБолгарияда "Орусияга тыңчылык кылды" деп шектелгендер кармалдыТажикстан: Жарандык согуш учурундагы "Кожо-колбашчы" 14 жылга кесилди