Президент Садыр Жапаров Ирактан кайтарылган балдардан кабар алды

Президент Садыр Жапаровдун балдар менен көрүшүп жаткан учуру. 19-март, 2021-жыл.

Президент Садыр Жапаров 19-мартта, Ирактан кайтарылган балдардын жашоо-шартын жана аларга кандай жардам көрсөтүлүп жатканын көрүп келди. Бул тууралуу президенттин сайты жазды.

Мамлекет башчысына 16-мартта «Мээрим» гуманитардык миссиясынын алкагында Ирактан кайтарылган 79 бала Чүй облусунун балдар борборлорунун бирине жеткирилгенин, алардын ичинде 2 жаштан 18 жашка чейинки 38 эркек бала, 41 кыз бар экени тууралуу маалымат берилди.

Борбордо балдар үчүн бардык шарттар камсыздалганы кабарланат. Аларга төрт маал тамак берилет. Ички иштер министрлигинин кызматкерлери күнү-түнү алардын коопсуздугун камсыз кылат. Тийиштүү адистер аларды бара-бара туугандарына өткөрүп берүү үчүн кайрадан коомго аралаштырып, кадимки жашоого кайтаруу боюнча иш алып барат.

Учурда алар коопсуз жашоого кайтуу үчүн реабилитациялоо курсунан өтүп жатышат.

Мамлекет башчысы мекеменин имараты, жатакана бөлмөлөрү, ашкана менен таанышып, балдарга кандай тамактар берилерин көрүп чыкты.

Мекеменин тарбиячылары менен баарлашып жатып президент балдарга ар тараптуу жардам көрсөтүүнүн маанисин белгиледи.

Мамлекет башчысы ар кандай себептер менен Иракка кеткен кыргызстандык жарандардын балдары бөтөн жерде согуштук аракеттердин кесепетин, аман-эсен кайтып келишкенин, ошондуктан өз мекенинде алар ар дайым баш калкалай аларын, камкордукка жана коргоого алынарын көрсөтүү зарыл экенин кошумчалады.

Ирактан 79 бала «Мээрим» деп аталган гуманитардык миссиянын алкагында Кыргызстанга жеткирилген. Кыргызстандык жарандардын балдары түшкөн атайын учак 16-мартта Бишкекке келген. Аларды кайтарууга Кыргызстандын бийлиги, Кувейттеги элчилик жана БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) жардам берген. (ErN)

Дагы караңыз

Новиков: Кыргызстанда ар бир төртүнчү мектепте таза суу жок USAID: Баткен, Жалал-Абадда балдардын 90% туура эмес тамактанат Чоң жана Кичи Памирдеги этникалык кыргыздарга мектеп, оорукана куруу маселеси көтөрүлдү Курулушчулар уруксат кагаздарын алуудагы тоскоолдуктар тууралуу өкмөт башчыга даттанышты