Курулушчулар уруксат кагаздарын алуудагы тоскоолдуктар тууралуу өкмөт башчыга даттанышты

Бишкектеги курулуштардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

19-мартта премьер-министр Улукбек Мариповдун «Бишкекбашархитектурада» министрликтердин, ушул тармактагы мамлекеттик органдардын жетекчиликтеринин, архитекторлордун жана курулушчу ишкерлердин катышуусунда көчө жыйынын өткөрдү.

Анда курулушчулар бул тармактагы көйгөйлөр, анын ичинде уруксат кагаздарын алуудагы тоскоолдуктарга даттанышты. Өкмөт башчы аларды ыкчам чечүү боюнча жеринде тиешелүү органдын жетекчилерине тапшырма берди.

Кыргызстандын курулушчулар бирикмесинин төрагасы Аскарбек Молдобаев шаарда эски үйлөрдү бузуп, ордуна жаңыларын курууда маселелер жаралып жатканын ортого салды.

Өзгөчө кырдаалдар министри Ажибек Бообеков болсо ишкерлер материалдык кызыкчылыктарды гана кууп, экологиялык жана инфраструктуралык эрежелерди сактабай жатканын сынга алды.

Мурдараак курулулушчулар былтыркы жылы коронавирус пандемиясы башталгандан бери иш алып баруу кыйла татаалдашканына даттанышкан. Бишкек шаарында уруксат кагаздарынын берилбей жатканынан улам 80-90дой долбоор токтоп турганы маалымдалган.

Кыргызстанда жыл башынан бери жалпы ички дүң өнүм 8,9% төмөндөгөн. Анын ичинде курулуш тармагындагы көрсөткүчтөр 22,1% артка кеткен. (ErN)

Дагы караңыз

Чоң жана Кичи Памирдеги этникалык кыргыздарга мектеп, оорукана куруу маселеси көтөрүлдү Бензин менен дизелдин кымбатташынын беш себебиАлга Кылычев: Абакта өлүмдөн башканын баарын көрдүмЭки салык кызматкери пара алууга шек саналып кармалдыБишкекте жоокерлердин жапырт кургак учукка кабылышы боюнча кылмыш иши козголду