Эки салык кызматкери пара алууга шек саналып кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Свердлов райондук башкармалыгынын башчысынын орун басары («К.У.К») жана Бишкек шаарынын Ленин райондук башкармалыгынын инспектору («У.А.А.») 240 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) маалымдады.

Анда айтылгандай, эки кызматкер акчаны салык төлөөдөн баш тартууга жардам бергени үчүн сый акы катары талап кылган. Алар жеке ишкерлер менен жең ичинен сүйлөшүп алып, жасалма документтерди жасашкан.

Анын негизинде импорттук товарларга салыктык чегерүүнү алып салгандыгы аныкталды.

Факт боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Кармалгандар УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылга жылга карата планын көбөйтүп, мамлекеттик бюджетке 96 млрд. 768 млн. 796 миң сом каражат чогултуу милдетин койгон. Мунун ичинен 78 млрд. 690 млн. сом республикалык бюджетке, 17 млрд. 159 млн. сом жергиликтүү бюджеттерге түшөт. (ErN)

Дагы караңыз

Бензин менен дизелдин кымбатташынын беш себебиБишкекте жоокерлердин жапырт кургак учукка кабылышы боюнча кылмыш иши козголдуСегизбаевдин штабында иштеген Мээрим Асанова кайрадан суракка чакырылдыӨзгөндө белгисиз адамдар үч кишини атып кетти