18-мартта биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков өлкө аймактарындагы мугалимдер менен видео конференция өткөрдү. Анда ал мектептердеги таза суу көйгөйүн көтөрдү.
Новиков өлкөдөгү мектептердин 25,5% таза суу менен камсыз болбогонун айтып, ушундан улам балдарда ар түрдүү жугуштуу оорулар көп болушу мүмкүн экенин эскертти.
"Өлкөдө мектептерди каржылоо жаатында көйгөй бар экени жалпыга маалым. Кыска мөөнөт ичинде бул көйгөйдү бюджеттин эсебинен чече албайбыз. Бирок балдардын саламаттыгына сөзсүз мектептен көзөмөл салуу керек", - деп ар бир мектепке "Мектеп медайымы" долбоорун киргизүү зарыл экенин белгиледи.
Кыргызстанда 2 236 мектеп бар. 2019-жылы эл аралык уюмдар өлкө мектептеринин таза суу, таза даараткана менен камсыз болуу көйгөйлөрүн иликтеп чыккан. Натыйжада аймактардагы мектептерде бул көйгөй курч экени аныкталган. (BCh)
Дагы караңыз
Евробиримдик: Бир катар өлкөлөр “AstraZeneca” вакцинасы менен эмдөөнү кайра баштоодо Сох иши: Эки киши 5 жылга кесилип, 20 киши эркинен шарттуу ажыратылдыОрусиядан Тамчыга авиакаттамдар кайра жанданатКремль Путин тууралуу сөзү үчүн Байденди сындадыВирус сынаган кыргыз медицинасы