Каратаев: Абал курчуса дары-дармек менен коргонуучу каражаттар 2 айга жетет

Мадамин Каратаев

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу абал курчуп кетсе дары-дармек менен медициналык кызматкерлер үчүн жеке коргонуучу каражаттар 2 айга жетет.

Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Мадамин Каратаев 18-марттагы брифингде билдирди.

"Жасалма дем алдыруучу жабдуулар, ооруну дарылоого керектүү аппараттардын баары жетиштүү. Эгер абал курчуп кетсе биз 2020-жылдагыдай мектеп, клубдарга стационар ачпай, ооруканалардын баарында вирус болгондорду дарылоо үчүн даярданып жатабыз".

Бүгүн - 18-мартта Кыргызстанда коронавирус катталганына бир жыл болду.

Жалпысынан оору жугузуп алгандардын расмий эсеби - 87 143 адам. Анын 84 031и айыгып чыкты.

Бишкек шаарындагы жугуштуу оорулардын клиникасына 2020-жылдын 18-мартынан бери жети миңден ашуун адам коронавирус менен ооруп түшкөн.

Министрликтин жаңы эсеби боюнча пандемия башталган 2020-жылдын март айынан тартып оорудан кайтыш болгондордун жалпы саны 1485 кишиге жетти. (BCh)

Дагы караңыз

Министрлик: Пандемия бүткөн жок, абал курчуса карантиндик чектөөлөр болот АКШ Орусияга карата санкцияларын кеңейттиОрусия АКШдагы элчисин чакыртып алды