Камактагы франциялык бизнесмендин иши Биринчи май райондук сотунда 18-мартта каралат

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги La Maison ресторанынын кожоюну Лаффорг Филипп Кыргызстанда алдамчылыкка шектелип кармалган. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз катчысы Айзада Момунова билдирди.

“Лаффорг Филипп Жан-Мари Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү ("Алдоо же ишенимди кыянаттык менен пайдалануу менен башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу же мүлккө болгон укукка ээ болуу") менен айыпталып жатат. Аталган жазык иш Биринчи май райондук сотуна 2021-жылдын 26-февралында келди. Биринчи соттук отурум 18-март күнү саат 16:00 өтөт”.

Кыйноого каршы улуттук борбордун маалыматы боюнча, Филипп Лаффорг - Франциянын жараны. Ал Бишкекте 2020-жылдын 28-декабрында Жазык кодексинин 204–беренеси (“Алдамчылык") менен шектелип кармалган. Учурда №1 тергөө абагына жатат. Мекеменин жетекчиси Бакыт Рысбековдун айтымында, Филипп Лаффорг тергөө иштери калыс жүрбөй жатканын билдирген. (MiK)