Байден Путинге жеке мүнөздөмө берди

АКШнын президенти Жо Байден

АКШнын президенти Жо Байден журналисттин "Орусия президенти Владимир Путин киши өлтүргүчпү?” деген суроосуна “ооба” деп жооп кайтарды.

Байден ABC News каналына берген интервьюсунда Орусия бийлиги АКШдагы шайлоого катышуу аракети үчүн жакын ара чолодо жооп берээрин билдирди. Журналисттин «Путин үчүн анын кандай кесепети болот?» деген суроосуна Кошмо Штаттардын президенти «жакында көрөсүңөр» деп жооп кайтарды.

40 жылдан ашык саясатта жүргөн Жо Байден Путинди жакшы билип калганын, аны «сезими жок, мерез» катары санаарын кошумчалады.

Жо Байдендин маеги АКШнын чалгын кызматы 2020-жылдагы президенттик шайлоого Орусиянын кийлигишүү аракети боюнча докладынан соң чыкты.

16-мартта жарык көргөн докладда Владимир Путиндин тапшырмасы менен орусиялык мамлекеттик органдар Кошмо Штаттардын президенттигине талапкер Жо Байденди каралап, анын атаандашы Дональд Трампты колдоого алган кампанияларды жүргүзгөнү баяндалган болчу.

Орусиянын Вашингтондогу элчилиги 17-мартта бул айыптоолорду четке кагып, “дагы бир негизсиз дооматтардын бири” деп мүнөздөгөн.

Дагы караңыз

Владимир Путин: Жерүй долбооруна Орусия 600 млн. доллар салатОрусия "Твиттерден" "МБХ медиа" басылмасынын аккаунтун өчүрүүнү талап кылдыАкыркы эки айда 140 бизнесменге иш козголгонБишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайында 66 кишиден пневмония аныкталдыСадыр Жапаров: Жерүй кенинин иши токтобойтЖапаров менен Путиндин катышуусунда Жерүй кенинин комбинаты ачылды Талас: Президент Жерүй боюнча чогулгандар менен жолугушту Беларус: августтан бери митингге катышкан 400дөн ашык адам соттолдуОрусия АКШнын Чалгын кызматынын маалыматын четке кактыАКШ элчилиги Шадиев жана Көлбаев боюнча комментарий бердиӨкмөт «Мекен-картты» 1-сентябрдан тартып берүүнү караштырууда