Тажикстанда күйүүчү май кымбаттап, таңкыстык сезилүүдө

Ушул тапта өлкөдө бензиндин 1 литринин баасы 9 сомони же 67 сомго чейин жетти. Баш калаа Дүйшөмбүдө май куюучу жайлардын дээрлик көпчүлүгүндө бензиндин баасы жазылбай, жабык турат.

Өлкөнүн Монополияга каршы күрөш органы күйүүчү майдын кымбатташын Казакстандан импорттун токтогону менен түшүндүрүүдө. Аталган органдын өкүлү Раджабали Махсиддинзода "Бизге мунайдын жалпы көлөмүнүн 90 пайызы Казакстандан келет. Бирок азыр келбей калды. Эми өлкөгө негизинен Орусиядан кымбат бензин келип жатат. Баалардын кымбатташынын бирден бир себеби ушул,"- деп билдирди.

Өлкөдө күйүүчү майдын кымбаттаганы менен катар таңкыстыгы да сезилүүдө. Айрым айдоочулар “Азаттыктын” тажик кызматына кээ бир май куючу жайлар бир унаага 20 литрден ашык бензин сатпай жатканын айтып беришкен.

Тажикстанда жыл башынан бери күйүүчү майлар кымбаттап, учурда бензиндин баасы үч эсеге көтөрүлгөн. Өлкөнүн ички рыногуна керектелчү күйүүчү май негизинен Орусиядан жана Казакстандан ташылып келет.

2020-жылы Тажикстанга чет өлкөлөрдөн 234 миң тонна бензин жана 300 миң тоннага жакын дизел импорттолгон.

Дагы караңыз

АКШ элчилиги Шадиев жана Көлбаев боюнча комментарий бердиТалас: Президент Жерүй боюнча чогулгандар менен жолугушту Өкмөт «Мекен-картты» 1-сентябрдан тартып берүүнү караштыруудаБишкекте 13 жаштагы өспүрүмдүн өлүмүнө шектүү изделүүдөДүйнөлүк банк: Кыргызстанда жакырчылык 35% жетиши мүмкүн Европадагы дары-дармек агенттиги AstraZenecaнын таламын коргодуАКШ чалгыны: 2020-жылдагы шайлоого Орусия жана Иран таасир этүүгө аракет кылганАктивист Кудайберген уулу бир айга тергөө абагына камалды