Бишкекте 13 жаштагы өспүрүмдүн өлүмүнө шектүү изделүүдө

Мурас-Ордо жаңы конушу

Бишкектеги Мурас-Ордо жаңы конушунда 13 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылды.

Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Улан Жумаков "Азаттыкка" окуя болжол менен 17-мартта эртең менен, баланын ата-энеси үйдө жок кезде болгонун билдирди.

Анын айтымында, өспүрүмдүн сөөгү табылганын анын энеси Биринчи май райондук милициясына саат 12:40та кабарлаган.

Азыр кылмышка шектүү изделип, иликтөө иштери уланып жатканы маалымдалды. (BCh)

Дагы караңыз

Ирактан балдар ата-энесиз кайтты Коронавирус: Борбор Азияда коркунуч сакталуудаӨлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделдиАктивист Кудайберген уулу бир айга тергөө абагына камалды