COVID-19: Кыргызстанда бир күн ичинде 4 миңден ашуун тест изилденди

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде 4095 кишинин коронавируска карата ПЧР анализи изилденди.

Оору Чүй облусунда дагы бир бейтаптын өмүрүн алды.

COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб 17-мартта билдиргендей, бир суткада вирус 55 кишиден жаңы аныкталды.

Министрликтин жаңы эсеби боюнча пандемия башталган 2020-жылдын март айынан тартып оорудан кайтыш болгондордун жалпы саны 1485 кишиге жетти.

Пандемияда оору жугузуп алгандардын расмий эсеби 87 045 киши болду. Анын 83 980и айыгып чыкты.

Азыр 333киши ооруканаларда жатат. Анын 18инин абалы өтө оор, 77 кишинин акыбалы оор деп бааланган. 236 бейтаптын абалы орто оордукта. 307 адам үй шартында дарыланууда. (NT)

Дагы караңыз

Сот активист Кудайбергеновдун бөгөт чарасын жабык карап жататСаясатчы Адахан Мадумаров активисттерге куугунтукту токтотууну талап кылды Молдокматов: активист Камчы Нурбек уулунун дайыны белгисиз болуудаПрезидент Садыр Жапаров Аксы окуясында курман болгондорду эскердиCOVID-19: үчүнчү толкун жана токтобогон өлүм