Дүйнөлүк банк: Кыргызстанда жакырчылык 35% жетиши мүмкүн

Кыргызстанда соңку айларда азык-түлүк баасы кескин кымбаттады. Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча, Кыргызстанда 2020-жылы экономика 8,6% ылдыйлады. Сомдун АКШ долларына карата курсу 19% төмөндөдү.

Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Навид Хасан Накви медиа каражаттарынын өкүлдөрү менен жолуккан учурда айтты.

2019-жылы болжол менен калктын 20% жакырчылыктын жеткен чегинде жашаса, 2020-жылы бул көрсөткүч 31% жетти, 2021-жылы дагы 35% болору күтүлүүдө.

Мындай кейиштүү абалды Хасан Накви эки себеп менен түшүндүрдү. Биринчиси - киреше булактарынын жоголушу жана инфляция, экинчиси - 2020-жылы 12% жеткен азык-түлүк баасынын жогорулашы.

Дүйнөлүк банк COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин жоюу үчүн Кыргызстанга жардам иретинде 160,15 млн. доллар бөлгөн.

Анын 22,15 миллион доллары медицинага, 138 миллиону - калктын аз камсыздалган жакыр адамдардан турган катмарына жардам катары жана пандемияда жабыр тарткан орто, чакан бизнеске берилген. (BCh)

Дагы караңыз

Сот активист Кудайбергеновдун бөгөт чарасын жабык карап жататСаясатчы Адахан Мадумаров активисттерге куугунтукту токтотууну талап кылды Молдокматов: активист Камчы Нурбек уулунун дайыны белгисиз болуудаПрезидент Садыр Жапаров Аксы окуясында курман болгондорду эскердиCOVID-19: үчүнчү толкун жана токтобогон өлүм