Бишкектин Свердлов райондук соту активист Тилекмат Кудайберген уулунун (Куренов) бөгөт чарасын кароого киришти. Жараянга журналисттер жана активисттин тарапташтары киргизилген жок.
Иш жабык каралууда. Сот имаратынын алдында анын бири нече тарапташы топтолуп турганын "Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдирди. Алар соттун жабык өтүшүн сынга алып, активист негизсиз кармалганын айтышууда. Аны бошотуу тууралуу чечим чыгарууга чакырып жатышат.
Кудайберген уулу 15-мартта Бишкекте кармалып, шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Бишкектин ички иштер башкармалыгы ал Жазык кодексинин 310-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») жана 264-беренеси («Массалык баш аламандыктар») менен шектелип жатканын билдирген.
Мыйзамга ылайык кармалган жаран убактылуу кармоочу жайда 48 саатка чейин олтурат. Анын андан кийинки бөгөт чарасын сот аныктоого тийиш.
15-мартта анын үйү жана ал мүчө болгон «Ханституцияга каршы» борборунда да тинтүү жүргүзүлгөн. (NT)
Дагы караңыз
Саясатчы Адахан Мадумаров активисттерге куугунтукту токтотууну талап кылды Молдокматов: активист Камчы Нурбек уулунун дайыны белгисиз болуудаПрезидент Садыр Жапаров Аксы окуясында курман болгондорду эскердиCOVID-19: үчүнчү толкун жана токтобогон өлүм