"Кыргыз Республикасы - демократиялык мамлекет бойдон калат", -деп билдирди президент Садыр Жапаров 15-мартта "Азаттык" радиосуна берген эксклюзивдүү интервьюсунда.
Президенттин айтымында, азыр "Кыргызстанда саясий куугунтук жок". Журналисттин УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаевдин мисалында оппоненттерди куугунтуктоо болуп жаткан жокпу деген суроосуна Жапаров "Абдил Сегизбаевге кылмыш иши президенттик шайлоого чейин эле козголгонун, андан башка 15-16 талапкерге эч кандай куугунтук болбогонун", айтты.
Ошол эле маалда Садыр Жапаров оппозция менен кызматташууга даярдыгын, алардын аттуу-баштууларын кабыл алып, Конституция, тышкы карыз боюнча суроолоруна жооп берип, сунуштарын угуп жатканын да кошумчалады.
Мамлекет башчысы аялдардын укуктары боюнча суроого жооп берип жатып, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун түпкү себеби - акыркы 15-25 жылдагы экономикалык кыйынчылыктарда, миграциянын күчөп кеткендигинде экенин белгиледи.
"Балдар каралбай, ата-энелери мигрант болуп кетишти. Ошол балдардын алды үйлөнө башташты. Кенемтени толтуруу үчүн мамлекеттик олуттуу программалар иштейт", - деди Жапаров.
Президент ошондой эле сөз эркиндиги жана журналисттердин жеке коопсуздугу да сактала турганына кепилдик бардыгын интервьюсунда бекемдеди.
Садыр Жапаров 2017-жылдан 2020-жылдын октябрь окуяларына чейин абакта болгон. Быйыл 10-январда өткөн президенттик шайлоодо 80% добуш алган. Алгачкы чет мамлекеттерге сапарын Орусия, Казакстан, Өзбекстандан баштады.
Садыр Жапаров президент болуп шайлангандан кийин "Азаттык" радиосуна биринчи ирет интервью берди.
Дагы караңыз
Садыр Жапаров: «Сохко коридор берилет» деген маалымат туура эмесПрезидент: Тышкы карызды төлөө үчүн ишенимдүү булактарыбыз барСадыр Жапаров: Мындан ары саясий куугунтук болбойт Садыр Жапаров: Конституциянын тагдырын элдин добушу чечетУКМК: Өлкөдөн 60 млрд. сомду мыйзамсыз чыгарууга катышкан адам изделүүдөТашиев: Эки мамлекеттин кызыкчылыгы менен гана жер алмашылышы мүмкүнКыргызстанда аялдар эркектерге караганда 8 жылга узак жашайтГерманияда эки аймактагы шайлоодо бийликчил партия жеңилди Ташиев УКМКга каршылык көрсөтүп кармалгандардын жазасын карап көрүүгө убада берди«Кыргызстан» фракциясын Бейшеналы Нурдинов жетектей баштадыӨлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди