Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргызстандан 59,5 млрд. сомду мыйзамсыз чыгарып кетүүгө катышкан деген шек менен Кыргызстандын 48 жаштагы жараны Бахтияр Жолдошбаевге издөө жарыялады.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык бул кылмыш иши Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») менен иликтенип жатат.
УКМК издөөдө жүргөн Бахтияр Жолдошбаевдин жүргөн жери жөнүндө кандайдыр бир маалымат болсо атайын кызматтын нөөмөт бөлүмүнө кабарлап коюуну суранды.
Телефон номурлары: 0312-62-05-85, 0312-66-04-75, 0555-55-30-46.
УКМК өлкөдөн 59,5 млрд. сомду салык төлөбөй сыртка чыгаруу ишине шектүү катары 2-мартта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жетекчиси К.Н. аттуу жаранды кармаган. Ал учурда Финансы полициясы жоюла элек болчу. Аталган кызматтын жетекчиси Казабеков Нурлан экени такталган.
Атайын кызмат бул схема менен 2020-жылдын март айынан октябрга чейин Кыргызстандан 59,5 млрд. сом сыртка чыгарылып, андан 500 млн. сомдон ашык салык бюджетке түшпөй калганын кабарлаган. (BTo)
Дагы караңыз
Акцияга чыккан активистти милиция кармап кеткени кабарландыЫсык-Көлдө православдардын мүрзөсүндө эстеликтер талкаландыТашиев: Эки мамлекеттин кызыкчылыгы менен гана жер алмашылышы мүмкүнЖогорку сот “Дөө Чыңгыз” каймана аты бар Жумагуловду 5 жылга кескен өкүмдү күчүндө калтырды Тихановская абакта ачкачылык жарыялаган активисттерге кайрылдыТашиев УКМКга каршылык көрсөтүп кармалгандардын жазасын карап көрүүгө убада берди«Кыргызстан» фракциясын Бейшеналы Нурдинов жетектей баштадыОштогу спорт комитетинин башчысына кылмыш иши козголду