Саясатчы Жеңиш Молдокматов Баш мыйзамдын референдумга коюлчу долбооруна каршы нааразычылык акцияны уюштурган активисттердин бири Тилекмат Күрөновду милиция кармап кеткенин “Азаттык” радиосуна билдирди.
“Милиция кармап кетти. Тактасам, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүндө экен. Азыр ошол жакка баратам. Тактап маалымат берем”, - деди.
9-мартта Бишкекте Конституциянын жаңы долбооруна каршы жана Жогорку Кеңештин тарашын талап кылган митинг өткөн. Аны “Ханституцияга каршы” борборунун өкүлү Жеңиш Молдокматов баштаган активисттер уюштурган. Учурда милициядан маалымат алууга мүмкүнчүлүк боло элек. (TSh)
Дагы караңыз
Ысык-Көлдө православдардын мүрзөсүндө эстеликтер талкаландыЖогорку сот “Дөө Чыңгыз” каймана аты бар Жумагуловду 5 жылга кескен өкүмдү күчүндө калтырды Ташиев: Эки мамлекеттин кызыкчылыгы менен гана жер алмашылышы мүмкүнТашиев УКМКга каршылык көрсөтүп кармалгандардын жазасын карап көрүүгө убада берди