Жогорку сот “Дөө Чыңгыз” каймана аты бар Жумагуловду 5 жылга кескен өкүмдү күчүндө калтырды

Чыңгыз Жумагуловду кармоо учурундагы сурөт. 2019-жылдын 11-апрели.

Жогорку сот кылмыш дүйнөсүндө «Дөө Чыңгыз» деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагуловго буга чейинки инстанцияны колдогон чечим чыгарды. Муну менен ал 5 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку соттон тастыкташты. Сотко Жумагуловдун жактоочусу кайрылган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Чыңгыз Жумагулов боюнча 2020-жылдын 19-июнунда өкүм чыгарып, судья Адылбек Эсенбаев Жумагуловду Жазык кодексинин 43-беренеси («Кылмышка кошо катышуучулардын») жана 248-беренеси («Уюшкан топту түзүү же ага катышуу») менен коюлган айып боюнча актаган. Жазык кодексинин 266-беренеси боюнча («Ээнбаштык») менен күнөлүү деп таап, 5 жылга түрмөгө кесилген. Мамлекеттик айыптоочулар 15 жылга эркинен ажыратууну суранган.

39 жаштагы Жумагулов Бишкекте эки адамды мыкаачылык менен токмоктоп өлтүрүүгө шектүү катары былтыр 11-апрелде кармалып, №1 тергөө абагына камалган. Каза болгондор да, шектүүлөр да криминалдык топтордун мүчөлөрү экени аныкталган. Талдоочулар муну уюшкан кылмыштуу топтордун таасир талашы катары баалашкан. (TSh)

Дагы караңыз

Ташиев УКМКга каршылык көрсөтүп кармалгандардын жазасын карап көрүүгө убада берди«Кыргызстан» фракциясын Бейшеналы Нурдинов жетектей баштадыОштогу спорт комитетинин башчысына кылмыш иши козголдуСуваналиев: Баткенде чек аранын жабык турганына кызыкдар күчтөр бар (видео) Ташиев: Эки мамлекеттин кызыкчылыгы менен гана жер алмашылышы мүмкүнТихановская абакта ачкачылык жарыялаган активисттерге кайрылдыКыргызстанда аялдар эркектерге караганда 8 жылга узак жашайтБирмада аскерлер демонстранттарга кайрадан ок атышты